Биз менен байланышыңыз

Бүгүнтөн тарта никотин камтылган суюктуктарга акциз салыгы салынат

Кыска кабар | 1 Янв 2020 | 354 | 0

2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн ысытылган тамекиси бар буюмдарга, картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктуктарга карата акциздик салыктын ставкалары колдонулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Ага ылайык, Салык кодексинин 287-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык акциздик товарлардын бул түрлөрүн өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга – 610 сом, электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга – 1 сом төлөшөт.

Мындан ары, 2021-жылдын ичинде ысытылуучу тамекинин 1 килограммы үчүн акциз салыгынын ставкасы 700 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктук үчүн 1,25 сом өлчөмүндө белгиленет. Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып тиешелүү түрдө 800 сом жана 1,5 сом болот.

Жогоруда аталган акцизделчү товарларды өндүрүүчү же импорттоочу ишкер субъектилер мыйзамда белгиленген тартипте акциз салыгын төлөшү жана отчет бериши зарыл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM