Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коррупция менен күрөшүү оңой эмес

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 744 | 0

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жаткан жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында айтты. Анда ал президенттикке келгенден кийинки Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында коррупция маселеси каралганын эске салды.

-Ошол жерде коррупция менен күрөшүп жаткан органдарга абдан чоң дооматтар айтылган. Менин тапшырмам менен аларга бир топ тапшырмалар берилген. Ошонун үстүндө иштеп жатышат. Коопсуздук кеңешинин 3 жолку жыйынынын жыйынтыгын карайбыз. Келерки жылдын январында кайрадан чогулуп, коюлган тапшырмалардын аткарылышын сурайбыз.

Президент андан тышкары Германияга болгон сапарында да өлкөнүн жетекчилери менен жолукканын, анда коррупция боюнча да сөз жүргөнүн кошумчалады.

-Бийлик өкүлдөрү менен жолукканыбызда да паспорт тендеринде коррупциялык схема бар экенин айтышты. Ага чейин бул боюнча бизде иш козголгон эле. 274 млн сомго аз сунуштаган компанияга бербей, көп сунуштаган компанияга беришкен. Бул боюнча Мамкаттоонун ошол кездеги төрайымы Алина Шаиковага иш козголуп, ал качып жүрөт. Ал тендерге германиялык белгилүү компания да катышкан экен. Мен ошондо жаман абалда калдым. Бул боюнча тергөө жүрүп жатканын айттым.

Андан тышкары ошол жолугушууда мурдагы өкмөт башчыларынын камалышы боюнча да суроо берилгенин айтты.

-Америкалык коомдук уюм бул окуяны саясий өңүттө болгон деп баалаганын айтып, суроо беришти. Эгерде бир мамлекеттин бир долбоору менен бюджеттин 5% уурдап алып чыгып кетсе, эмне кыласыңар? Ошол да саясий куугунтук болобу? Биздин бюджеттин 5% 11 млн доллар болот. Коррупция менен күрөш оңой эмес. Анын кыйын экенин мурда билчүмүн. Бирок мынчалык оор экенин эми жон терим менен сезип жатам. Күрөшүү үчүн команда керек, таза орган керек. Муну түзүү мен үчүн оңой болгон жок. Бул үчүн күнү-түнү иш болуп жатат.

Президент коррупциялык схемалары ачыкка чыккан долбоор бир эле Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо эмес экенин айтып, бир катар фактыларды атады.

-Кошумча нарк салыгы боюнча Бажы менен Салык кызматынын адамдары 1 млрд 86 млн сом алып чыгып кеткен. 21 адам кармалып, 13-15 жылга камалды. Коррупция боюнча соттор камалып жатат, прокурорлор, милиция кызматкерлери камалып жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйын берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM