Биз менен байланышыңыз

Быйыл 28 мектептин капиталдык курулушу аяктады

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 311 | 0

Жыл башынан бери 28 мектепте капиталдык курулуш иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимова билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 14 мектеп менен 1 бала бакчанын капиталдык оңдоп түзөө иштери аяктады. Ага 264 млн 500 миң сом сарпталды.

2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатына жалпысынан 96 объект бүткөрүү пландалган. Анын ичинен 92 объект бүткөрүлүп, калган 4 мекемеде иштер аяктоо алдында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM