Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү дата борборун куруу («G-cloud» платформасы) пландалууда

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 598 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Дастан Догоев 2019-2023-жылдарга карата «Санарип Кыргызстан» Концепциясына ылайык, өлкөнү санариптик трансформациялоо алкагында кабыл алынган милдеттердин жана иштердин аткарылышы тууралуу кеңири айтып берди жана 2020-жылга карата өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча артыкчылыктуу багыттар тууралуу толук маалымат берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы үч ири багытка — саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарына өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле Бирдиктүү дата борборун куруу («G-cloud» платформасы) пландалууда.

Бул жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, ал 2019-жылдын иш-чаралар планына 89 иш-чара каралганын маалымдады. Бүгүнкү күндө «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук байланыш системасына 62 мамлекеттик органдар жана 24 коммерциялык түзүмдөр кошулган. Системада 389 сервис бар, 2018-2019-жылдары 17,4 млн транзакциялар жасалган. Учурда 12 справка автоматташтырылган, мындан улам бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулган.

Карызы жок деген справканы алуу автоматташтырылып, бизнес өкүлдөрү 18 миллион сом үнөмдөй алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекттик саясатты ишке ашырууда негизги милдетти — адамдардын, өлкө жарандарынын ыңгайлуу жашоосун камсыз кылуу, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адамдык факторду жокко чыгаруу жөнүндө дагы бир жолу эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM