Биз менен байланышыңыз

Кундуз Жолдубаева ИИМге кайрадан сурак берет

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 673 | 0

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигине кайрадан 16-декабрь саат 11.00гө суракка чакырылды. Бул тууралуу адвокаты Замир Жоошев «Марал» радиосуна билдирди.

«Кечээ, 14-декабрга чакырылганы менен ар кандай себептерге байланыштуу тергөө амалдары жүрбөй калды. Биздин божомолубуз боюнча Кой-Таш окуясы боюнча шектелип жаткан адамдар менен беттештирүү болсо керек. Тергөөнүн максаты Кундуз Жолдубаевага дагы шектүү деген макамды ыйгарып, баш коргоо чарасын тандайт ко деп жатабыз», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы операция учурунда «Альфа» атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча ачылган иште күбө катары бир нече жолу сурак берип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM