Биз менен байланышыңыз

Мамкомиссия: Атамбаев саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 621 | 0

Ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча окуяны иликтеген комиссиянын жыйыны бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралды.

Мамкомиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтыкбек Шайназаров өз докладында билдиргендей, Кой-Таш айылындагы зыянга учураган үйлөр жана объектилер каралып чыккан. Ошондой эле, окуянын түздөн-түз катышуучулары болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын окуя боюнча пикирин угууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби алар бир нече жолу чакырылгандыгына карабай, баш тартышты.

Тынчтык Шайназаров 7-8-августта Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча бир топ адамдардан, бир катар укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн түшүнүк алынганын, окуяга байланыштуу көптөгөн маалыматтар чогултулганын, окуя болгон айылдын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, комиссиянын ишине мамлекеттик органдардын тажрыйбалуу кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

Иликтөө жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү «мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган» деген жыйынтыкка келди.

«Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг өткөрүп, башаламандык уюштургусу келген. Бирок, укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок», — деди Шайназаров.

 

Copyright © 2017 Maral FM