Биз менен байланышыңыз

Президент Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен барды (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 1665 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен келди. Мамлекет башчысы БАЭге визитин Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен жасоодо. Бул туууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Расмий визиттин алкагында, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM