Биз менен байланышыңыз

Жолдубаева: Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан баш тартты

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 1044 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Мындай маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Маралга» билдирди.

Кечээ, 9-декабрда УКМКнын Тергөө абагында отурган Атамбаевге врачтардын тобу барып келиптир. Мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаев аталган экспертизадан өтпөгөнгө укугу бар. Өз укугунан пайдаланып, Алмазбек Атамбаев текшерилүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда бул тууралуу адвокаттарга билдирилген эмес, — деди Кундуз Жолдубаева.

Ошондой эле, Кундуз Жолдубаева Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын бүгүн, 10-декабрда соттук-психиатриялык экспертизадан өтүшкөндүгүн да кошумчалады.

-Экспертизанын жыйынтыгы 10 күндөн кийин белгилүү болот, жыйынтыгы тергөө башкы башкармалыгына жиберилет. Негизи  Жазык кодексине ылайык, бул процедурадан оор кылмыш жасагандар өтүшү керек, — деди Жолдубаева.

Мындан сырткары, Кундуз Жолдубаева мурунку президент Атамбаевге карата соттук-психиатриялык экспертизанын дайындалышын саясий оюндардын дагы бир көрүнүшү катары баалай турганын, бул иштер атайын коомдук пикирди жаратуу үчүн жасалып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 9-декабрда Ички иштер министрлиги Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө шектүү катары жүрүп, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткан 16 адамга да соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM