Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтөт

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 1314 | 0

12-ноябрь күнү оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, Жазык-процесттик кодексинин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө 16 адам шектүү катары жүрүп, алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.

Эске салсак, ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM