Биз менен байланышыңыз

Нике күбөлүгүнүн жоктугу балага күбөлүк алууда маселе жаратпайт

Коом | 6 Дек 2019 | 2534 | 2

Өлкөдө 1 миң 200дөн ашуун баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталып, ушул жылдын сентябрь айында балдарды документтештирүү боюнча улуттук кампания өз ишин баштаган. Анын алкагында 544 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул өнөктүк жыл соңуна чейин уланат. Эгерде ата-энелер тарабынан кайрылуу болсо, 2020-жылы да улантылары күтүлүүдө.


Курман Шакирбай уулу жарандык абалын каттоо тууралу нике тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан кыздарына 5 айдан бери кыздарына документ ала албай келет. Анын үстүнө кыздары Орусияда төрөлгөндүктөн күбөлүк алуу кыйын болуп жатканын «Маралга» билдирди.

Кыздарым Орусияда төрөлгөндүктөн тиешелүү мекемелер баланын туулгандыгын ырастаган медициналык маалымкат талап кылууда. Ал бул жактан талап кылынган соң, 6 айдын аралыгында келет экен. Кыргызстанга келгениме 5 ай болду. Ошол бойдон кыздарыма документ албай эле жүрөбүз. 

Дал ушундай көйгөйлөрдү жоюу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана аларга документ берүү боюнча өкмөт үстүбүздөгү жылдын сентябрында улуттук кампанияны ишке киргизген. Анын негизинде ата-энелер балдарына документти жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алып жатышат. Бүгүкү күнгө карата улуттук кампаниянын алкагында 119 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилгенин Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу жана коммуникациялык бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева билдирди.

— Жыл башынан бери карай турган болсок, Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинен түшкөн кайрылуулардын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматы 544 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк бердик. Ал эми улуттук кампаниянын алкагында биз тизмедеги 764 баланын ичинен 119 балага документ бердик. Ошол эле учурда 53 баланын туулгандыгы тууралуу фактысын каттоо үчүн чет өлкөлөрдөн медициналык маалымкаттарды сурап жатабыз. 

Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү үчүн учурда жер-жерлерде Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан уюшулган мобилдик топтор иштеп жатат. Документтер ыктыярчылардын колдоосу менен берилүүдө.

Мындан сырткары, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги да Бишкек шаары боюнча 8 жаңы конушту кыдырып, 404 баланын күбөлүгү жок экенин аныкташкан. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, улуттук кампаниянын негизинде күбөлүгү жоктор акысыз документ алып жатышат. Ошол эле учурда паспорту жок ата-энелердин да документтери калыбына келтирилүүдө.

— Жыл башынан бери документи жок 1257 бала аныкталды. Учурда алардын ичинен 493 балага күбөлүк берилди. Калган үй-бүлөлөр боюнча иш алынып барылууда. Мындан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматынан 555 баланын тизмеси кайра келди. Алардын документтери такталган соң, күбөлүк алууга көмөк көрсөтөбүз.

Ал эми Анара Жакыпова уулун (аты-жөнү өзгөртүлдү) Түркияда төрөгөн. Август айында ага күбөлүк алуу мөөнөтүнөн кечигип калганы үчүн 1000 сом өлчөмүндө айыппул төлөгөн.

 — Кыргызстанга келгенде балага документ алууда кыйынчылык жаралды. Документти котортуп, ТИМге, Юстиция министрилигине жана тийиштүү мекемелерге бардык. Биз балам 2 айлык болгондо келдик, буга байланыштуу күбөлүк алууда кечиккенибиз үчүн 1000 сом айып төлөдүк.

Тийиштүү эрежеге ылайык, эгерде ата-эне бала туулган күнүнөн тарта 1 ай аралыгында балага документ албаса, 1000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат. Ал эми улуттук кампаниянын алкагында балага күбөлүк албаган ата-энелерге айыппул салынбай турганын Дамира Азимбаева белгиледи. Ал буга кошумча балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуунун шарттары жана талап кылынуучу документтер тууралуу маалымат берди.

— Жарандар баланын туулгандыгын каттоо үчүн бала төрөлгөн район же ата-энеси каттоодо турган жери боюнча ЖААК бөлүмүнө кайрылса болот. Ал үчүн баланын төрөлгөндүгү боюнча медициналык маалымкат, ата-эненин паспорту, нике күбөлүгү талап кылынат. Эгерде нике тууралуу күбөлүгү жок болсо, атасынын арызынын негизинде баланын ата-энеси ким экенин аныктап, бала документтештирилет. Ал эми чет өлкөдө төрөлгөн наристелер үчүн медициналык маалымкат талап кылынат. Аны алмайынча каттоо жүргүзө албайбыз. 

Белгилей кетсек, балдарга документ берүү улуттук кампаниясы 31-декабрга чейин уланат. Бирок ата-энелерден кайрылуулар түшсө, аны кийинки жылга да узартуу пландалууда.

2 пикир

2 пикир

  1. Алтынай

    03.07.2023 10:51

    Саламатсызбы мненин баламдын туулгандыгы жонундо куболугун жоготуп алдым ал масква дан торогом кантсем болот балам озумдун атымда кантип алсам болот кайра

  2. Бубусара

    06.09.2023 16:10

    Мен кызым россияда торлгон ал жактанц болницадан свидетельсва алганбыз Бул жактан ошол свидетельства менен прапискага койдурдук еми садикке барыш учун Кыргызтандын куболугун алышыбыз керекпи же ошол менен еле барсак болобу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM