Биз менен байланышыңыз

Нарында медиа борбор түзүлдү

Кыска кабар | 1 Дек 2019 | 670 | 0

Нарында ЖМКлар бир борборго бириктирилди. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады. Ал «Нарын облустук медиа борбору мекемесин түзүү жөнүндө» буйрукка кол койду.

Ага ылайык, Нарын облустук мамлекеттик телерадио берүү мекемесинин базасында облустук медиа борбор түзүлдү. Медиа борбордун ичине Нарын облустук «Теңир Тоо», Ак-Талаа райондук “Айыл турмушу”, Жумгал райондук “Демилге”, Ат-Башы райондук “Ат-Башы жаңылыктары”, Кочкор райондук “Эмгек Туусу” гезитинин редакциялары кирет. Алар Нарындагы жаңылыктарды биргелешип телевидение, гезит, сайт, басма сөз борбору аркылуу чагылдырашат.

Борбор жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын заман талабына ылайык иштетүүгө шарт түзүү максатында түзүлгөн. Ошондой эле кызматкерлердин  маянасы көтөрүлөөрүн белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM