Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 404 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билирди.

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында салтанаттуу жолугушуулары өтүүчү «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери желбиреп, Ардактуу кароол тизилген.

Президенттер ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү болуп өттү.

Андан ары эки өлкөнүн президенттери кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Жолугушуудан соң, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM