Биз менен байланышыңыз

Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 857 | 1

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Кылмыш жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине ылайык, кылмыш иши козголду.

Эске сала кетсек, депутат Канатбек Исаев укук коргоо органдары тарабынан 30-сентябрда “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген шек менен кармалган. Андан кийин агасы Талантбек Исаев ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Кийинчерээк Канат Исаевге карата кылмыш иши токтотулуп, Талантбек Исаев кызматына кайтып келген.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    26.11.2019 18:37

    Кыргызстанды чырмашкан корупция башкарып жатат. Бийликте отургандар баары ажырагыс чырмашкандар, эртен дагы бироого иш козголсо эл эч тан калбайт анын куйруктарын Бишкектен айылына чейин бар экенине.Кыргызстанда уюшкан корупция жогорку кенештен айылдык кенештерге чейин жайылган. Мамлекеттик жумуштан тууган урук, дос жогору турат. Корупция менен курошом деген абсурд. Корупцияны жоготом дегенди, кайра озун озун жоготуп коюшу мумкун, Мамлекет азыркы чиновниктер турганда аласыз.курошо албайт баарынын арты таза эмес,союз бузулганда элди ач турганда алдап жалган завод фабрикаларды тыйынга алып коюп байыган байлар. эки революциадан кийин тоногон криминалдар бийликте отурат.Азыр Кыргызстанга Сталин керек болуп турат. Ондрушту которуп элди жумуш менен камсыз кылып тойгузат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM