Биз менен байланышыңыз

Эргешов: «Диндер аралык түшүнүшүү радикализм, экстремизмдин алдын алат»

Коом | 21 Ноя 2019 | 807 | 0

Бишкекте «Ислам жана православ христиан» диндеринин орду тууралуу эл аралык жыйын өттү. Конференцияга президент Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, диний уюмдардын өкүлдөрү жана дин жаатында радикализм, экстремизмдин алдын алуу боюнча окумуштуу илимпоздор катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө эки диндин баалуулeктары, орду жана эл аралык тынчтыкты орнотуудагы ролу талкууланды.  

— Ислам жана рравославие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Орток руханий баалуулуктарыбызды дагы бир ирет ырастоого, диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдерибиздин достугун арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — баарыбызга тең маанилүү.

Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференцияда сөз сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчы буга кошумча жаңы агымдар, секталар жана тарикаттар пайда болгонун эске салып, диний себептер менен бөлүнүп–жарылууга, диний экстремизмге тыюу салынарын? ошондой эле жеткинчек балдарга диний билим берүү светтик билимден чектебеши керектигин белгиледи.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов:

Диндер аралык түшүнүү радикализм, экстремизмдин алдын алат,- дейт.

Анын белгилегендей, конференциянын башкы максаты — постсоветтик мейкиндиктеги ислам жана православ христиан диндеринин тарыхый катнашын, өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү абалды талдоо, тынчтыкты орнотуудагы ордун, ролун талкуулоо.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «диндер аралык кызматташуу, тажырыйба алмашуу менен жаштардын тарбиясына оң таасирин берет» деген үмүттө:

— Быйылкы эл аралык конференциянын аты — «Ислам жана православие — тынчтыктын дини. Биз союзда жашап жүргөндө да, азыр да булар менен биргебиз. Баарынын ортосунда ынтымак, тынчтык, стабилдүүлүк керек. Ошого карай турган болсок, ислам дининде эч бир таңуулоо, бирөөнү мажбур кылуу жок. Биздин Конституциябыз да буга кепилдик берип, дин тутуу кепилдиги толук камсыздалган. Ошондуктан, бүгүнкү тажырыйба алмашуу, кызматташуубуз келечекте жаштарыбызды мекенчилдикке болуп тарбиялап, ыймандуу, уятту, адептүү, баатыр балдар болсо экен деген тилегибиз бар.

Максатбек ажынын оюн толуктаган протоиерей Алексей Сыромятников бүгүнкүдөй илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү менен чоңдор кийинки муунга пайдалуу болуунун үлгүсү болоруна токтолду:

— Жылдан-жылга диний адамдардын көбөйүүсүн эске алуу менен бүгүнкү иш-чаранын мааниси зор экенин баса белгилегим келет. Бизде улуттар аралык мамилени жакшыртуу боюнча тажырыйбабыз чоң. Ошол эле учурда, жарандардын ортосунда дин тутуудагы мамиледе да бүгүнкүдөй конференцияларды өткөрүү менен жаштарга биз үлгү көрсөтө алабыз. Айрыкча, динге бекем болгондор коомчулукка кооптуу эмес экендигин гана эмес, чоң пайда алып келе аларын көрсөтөт.

Конференциянын дагы бир максаты евразиялык мейкиндикте кызматташтыкты жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүү. РФнын мусулмандарынын дин башкармалыгынын биринчи орун басары Дамир хазрат Мухетдинов ислам жана христиан диндеринин өз ара мамилесинин тарыхын кыскача айтып өттү.

— Ислам жана христиан диндеринин өз ара карым-катнашы орто кылымдагы ири мамлекет болгон Хазар кагандыгына тереңдеп барат. Андан соң, бул салттын Алтын Ордодо өнүккөнүн көрүүгө болот. Алтын Ордонун хандары православ чиркөөлөрүнүн курулуусуна шарт түзүп, дин кызматкерлерин салыктан бошотушкан. Ошондой эле, падышалар епархиясын тургузуп, Киевден Владимир шаарына, кийинчерээк Москвага көчүрүшкөн. Адатта, биз азыр аны Орус православ чиркөөсү деп атайбыз. Бул жерде мусулман хандарынын жана Алтын Ордонун жетекчилеринин да салымы чоң.

Аталган иш-чара 2017-2018-жылдары өткөрүлгөн «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын уландысы болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM