Биз менен байланышыңыз

Фермер: «Дыйкандарга каралган насыялар жетишсиз»

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 355 | 0

Дыйкандар эски техника менен иштеп жатат. Аларга каралган насыялар жетишсиз. Бул тууралуу фермер Арал Абдрасулов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине баа берүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

Ал өлкөдө дыйкан, фермерлердин саны көп экенин эске салып, Айыл чарба министрлиги дыйкандарга бөлүнүп жаткан насыялардын көлөмүн эсептеп чыгышы керектигин белгиледи.

-Алсак, мен көп жылдан бери насыя ала элекмин. Андан сырткары дыйкан түшүмүн сата албай, насыя төлөөдө кыйналууда. Министрлик дыйкандарга багыт көрсөтүп берсе, фермерлер үчүн чоң жардам болмок, — дейт Абдрасулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM