Биз менен байланышыңыз

Үмөталиев: «Айыл чарба министрлиги баркын жоготуп койду»

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 520 | 0

«Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги баркын жоготуп койду». Мындай пикирин Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Үмөталиев аталган министрликтин ишине баа берүү боюнча өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлигинин аброюн көтөрүү багытында иш алып баруу зарыл.

-Болбосо, азыр айыл чарба министрлиги статистикалык комитетке айланды. Өндүрүлгөн түшүм жана башкалар тууралуу маалыматты гана берет, — дейт Үмөталиев.

Эске салсак, Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM