Биз менен байланышыңыз

Максат Чакиев: «Айыл чарба министрлигинин кереги жок»

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 481 | 0

Азыркы система менен кетсе, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кереги жок. Бул тууралуу «Ордо» партиясынын тең-төрагасы Максат Чакиев аталган министрликтин ишине баа берүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба системасы реформага муктаж. Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевден тарта, бөлүм башчыларына чейин кадрлардын алмашышы керектиги тууралуу айтып:

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин департамент кылып коюуга болот. Учурда фермерлер өздөрүнө-өздөрү — министр, өздөрүнө-өздөрү — банк, — дейт Чакиев.

Эске салсак, Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM