Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: «Айыл чарба министилиги конкреттүү реформага муктаж»

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 1059 | 0

Иран, Катар, Кытайга эт экспорттоого болот. Бирок Кыргызстанда алдын ала келишим түзүү боюнча иш жок. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул багытта иш алып баруусу кажет. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов аталган министрликтин ишине баа берүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

Анын баамында, Айыл чарба министрилигинде конкреттүү менеджмент жана реформалар талап кылынат.

-Министрлик мындан сыркары, кадр маселесине да маани берүүсү зарыл. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ун азыктарынын баасында коркунуч бар. Өлкөдө өкмөт да, парламент да көйгөй пайда болгондо иштеп калат», — дейт Молдокматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM