Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Банктар дыйкан жана фермерлердин эсебинен киреше табууда

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 1031 | 0

Дыйкандардын 90%ы насыяларга байланган. Банктар дыйкан жана фермерлердин эсебинен киреше табууда. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов аталган министрликтин ишине баа берүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

Анын айтымында, калктын 66%ы айыл жергесинде жашайт. Далай фермерлер насыя алып, бирок чыгымга учурап, мигрант болуп кетүүгө аргасыз болду.

Өлкөдө агросектор фермерлердин жардамы менен өнүгүп келе жатат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча жетишкендиктери менен катар кемчиликтери да бар.

Министрлик бирдиктүү саясат жүргүзө турган структура болушу керек. Ар бир министрликтин ишин экономикага тийгизген таасири жана ИДПга берген үлүшүнөн карап эле бааласа болот. Айыл чарба тармагындагы маселелер мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Анткени Айыл чарба министрлигинин ИДПга кошкон үлүшү жыл өткөн сайын төмөндөп баратат, — дейт Молдокматов.

Молдокматов буга кошумча айыл чарба тармагындагы негизги 3 көйгөйдү атады. Алар: технологиялар, финансылык каражаттар жана сатуу үчүн жаңы рыноктор.

Эске салсак, Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM