Биз менен байланышыңыз

Түркия: «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордо» аты аталган Саймаитини атып кетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 1758 | 0

Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитини атып кетишти. Окуя кечээ, 10-ноябрда кечинде болгон. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Саймаитини отелге тиешелүү кафеде отурган жеринен белгисиз бирөө атып кеткен. Октон жаракат алган Айеркен Саймаити ооруканага жетип каза тапкан. Түрк полициясынын маалыматында каза болгон жаран бажы иштерине байланыштуу ишкерлик кылары жана акыркы кездерде каржылык жактан көйгөйлөрү болуп келгени айтылат. Алдын ала божомолдор боюнча ишкер Саймаитинин өлүмүнө  аласа-бересе маселелери себеп болушу мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Айеркен Саймаити «Азаттык» басылмасынын «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» боюнча иликтөөсүндө ысымы көп айтылган адамдардын бири катары белгилүү.

 

Copyright © 2017 Maral FM