Биз менен байланышыңыз

Футбол: Япония курамасы Бишкекке келди (фото)

Кыска кабар , Спорт | 11 Ноя 2019 | 753 | 0

Футбол боюнча Япония курамасы Бишкеккке келди. 14-ноябрда алар 2022-Дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы менен беттешет.

Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлагандай, кечээден бүгүнкүгө караган түнү Дели шаарынан учкан курама «Манас Эл аралык» аэропортуна келип конгон.
Анда Япон курамасынын машыктыруучулары жана медициналык штаб, ошондой эле, улуттук чемпионатта ойноп жатышкан футболчулар келишти. Ал эми чет жактардагы клубдарда ойногон футболчулар атайын каттам менен келери айтылат. Команданын толук курамы 12-ноябрда келет.

Бүгүн Япония курамасы Бишкектеги “Дордой” спорттук комплексинде биринчи машыгуусун өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM