Биз менен байланышыңыз

«Алмаматовдун окуясы Батукаевдикине окшош»

Саясат | 5 Ноя 2019 | 906 | 0

Милиция Бишкек шаардык Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин мурдагы директору Насирбек Алмаматовго издөө жарыялады. Маалыматтарга караганда, учурда Насирбек Алмаматовду кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Насирбек Алмаматов ири өлчөмдө пара алуу менен кармалып, 12,5 жылга соттолгон. Бирок кийин анын жаза мөөнөтү 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөөгө алмашкан.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын  Басма сөз кызматынын тескөөчүсү  Айбарчын Батырбекова маалымдады. Анын белгилешинче, Жогорку соттун токтому 1-ноябрда түшкөн.

-2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунан, Бишкек шаардык Октябрь РИИБине 1970-жылы туулган Насирбек Алмаматов аттуу жаран тууралуу материал келип түшкөн. Бүгүнкү күндө Алмаматовго издөө жарыяланды. Учурда издөөдөгү жарандын жайгашкан жерин аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Насирбек Алмаматов 2018-жылдын ноябрь айында «айдоочулук күбөлүк берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн» деп айыпталып, кармалган. Анын иш бөлмөсүндө пара алып жатканы тартылган тасма жарыяланган.

Ишти караган Бишкектин Октябрь райондук соту Насирбек Алмаматовду пара алууга айыптуу деп таап, 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту бул ишти Алмаматовдун адвокатынын арызынын негизинде кайрадан карап, үстүбүздөгү жылдын жылдын 9-июлунда 3 миллион 300 миң сом төлөө шарты менен эркиндикке коё берген.

Соттор мындай чечимди эмненин негизинде кабыл алгандыгы боюнча сөзсүз жооп бериши керектигин, УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов белгилейт.

-Күнөөнүн баарын соттордон издеш керек. Анткени соттун чечими менен анын бошотулуусу ишке ашты. “12,5 жылга камалганды жокко чыгарып, 3,3 миллион төлөсүн” деген чечим эмненин негизинде кабыл алынды? Үч соттон сураш керек. Алардын коррупционерге ошончолук эле боору ачып кеттиби? Сот реформасынын жыйынтыгы ушундай болуп жатабы? Соттор эч кимден, элден коркпой эркин чечим кабыл алгыдай.

Ал эми, юридика илимдеринин доктору, профессор, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Алмаматовдун бошотулуп анан издөө жарыялангандыгын мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулгандыгы менен окшоштурат.

 -Алмаматовдун иши  Батукаевдикине окшошуп баратат. Батукаевди да сот кое берген, ошол бойдон маселе уланып жатат. Андыктан бул ишти “Батукаев2” деп койсо болот. Анын айып пул төлөөрүн эске алганда да, мамлекеттин, коомчулуктун алдында жоопкерчилик деген бар. Ал милдеттемеси дагы деле мойнунда болсо, ал киши эч жака чыкканга акысы жок. Бул маалымат чек ара кызматына де берилиш керек. Бул жерде күнөө менимче жалгыз эле сотто эмес. 

Саясатчы Равшан Жээнбеков бул көрүнүш Кыргызстанда сот жана укук коргоо органдары эч реформаланбай, корупцияланган бойдон иш алып барып жатканына далил экенин айтат.

Ал эгерде Насирбек Алмаматов чет өлкөгө чыгып кеткен болсо, кайра Кыргызстанга кайтары күмөн экенин белгилейт.

-Кыргызстандын сотуна биз, кыргыздар биринчи кезекте ишенбейбиз. Ал эми эл аралык уюмдар, башка мамлекеттик уюмдар эки эсе ишенбейт. Ошондуктан сыртка чыгып кеткен адам демократиялуу, мыйзамды сыйлаган мамлекетте болсо, алар такыр Кыргызстанга беришпейт. Анткени Кыргызстанда көп нерсе мыйзамсыз экенин, укук коргоо органдары, сот коррупциялашкандыгын алар жакшы билет. Андыктан сыртка чыгып кеткен адамды кармап келүү мүмкүн эмес. Демократиялуу өлкөлөр кылмышкер качып барса да Кыргызстанга бербейт.  

Бул көрүнүш азыркы учурда коомчулукта каттуу талкууланууда, көпчүлүк социалдык тармактарда “Насирбек Алмаматов чет өлкөгө чыгып кетти”, “ийне жоголду”, “эми таппайсыңар” деген сыяктуу пикирлерин жазышууда. Буга мисал катары  издөөгө жарыяланган мурдагы биринчи вице-премьер-министр, Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, кийин АКШга кеткени белгилүү болгон Аскарбек Шадиевдин жана кылмыш иши козголгон УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Таабалдиевдердинаты аталууда. Чындыгында, бул аты аталгандарга издөө жарыялаган, бирок азырынча бир жыйынтык жок.

Copyright © 2017 Maral FM