Биз менен байланышыңыз

Жумагулова: Жаңы жылдан тарта 300 дарынын баасы жөнгө салынат

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Окт 2019 | 634 | 0

Жаңы жылдан тарта жашоого маанилүү 300 дары каражаттарынын баасы жөнгө салынат. Ал үчүн тийиштүү механизмдер кабыл алынды. Ага ылайык, дарылар республиканын бардык аймактарында бирдей баада сатылат. Бул туууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары саясаты боюнча кеңешчиси Жылдыз Жумагулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал дарыгерлер маянасы аз болгондуктан фармацевтикалык фирмалар менен бирге иштешип, бейтаптарга кымбат дарыларды жазып берерин айтып өттү.

Мындан улам ак халатчандардын айлыгын жогорулатып, моралдык жоопкерчилигин күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

«Оорусак дароо дарыканага чуркоо адатка айланган. Бирок биз мындан арылышыбыз керек. Алгач дарыгерге кайрылып, дартты аныктаган соң рецепттин негизинде дары сатып алуу зарыл», — дейт Жумагулова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM