Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин макамынын алынышы мыйзамдуу деп табылды

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 893 | 0

Жогорку соттун Конституциялык палатасында бүгүн, 24-октябрда мурдагы президенттердин «экс-президент» деген макамын алуунун Баш мыйзамга ылайык келип-келбестиги каралып, Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Конституцияга ылайык деп тапты.

Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамсыз болгону тууралуу Конституциялык палага өтүнүч менен кайрылган КСДП партиясынын саясий кеңеши чечимге канааттанбай тургандыктарын билдирди.

«Биздин өтүнүчтөрдүн баары четке кагылды. Болгону гана «экс- президенттердин мамлекет тарабынан берилген кепилдиктерди президент алып коё алат» дегенди гана Конституцияга ылайык эмес деп табышты. «Экс-президенттердин кайсы бир партияны жетектеп, кандайдыр бир мамлекеттик кызматтарда иштей албайт» дегени өзгөрбөстөн калды,» — деди Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Нурбек Касымбеков.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча токтом кабыл алган. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу кабыл алынган мындай чечимге парламенттин 103 депутаты макулдугун берип, 6 депутат каршы чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM