Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоонун датасы так айтылды

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 873 | 0

Кыргызстанда VII чакырыштагы Жогорку Кеңешти шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болот. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы келерки жылдарга карата чыгарган графигинде бекитти.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, эгер мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланбаса анда Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышына депутаттаррды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди. Ал эми 2023-жылдын октябрь айында өлкөдө президенттик шайлоо болот.

Мындан сырткары жергилктүү кеңештерге шайлоолор каралган.

Жалпысынан алганда БШК 2020-жылы шайлоолорго корото турган каражат 928 млн сомду түзөт. Анын 560 млн сому Парламенттик шайлоого каралган.

Copyright © 2017 Maral FM