Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Рахмон менен чек ара маселесин талкуулады

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 652 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ашхабад шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы, анын ичинде чек ара кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүштү.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен да жолугушту. Алар Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Бүгүн Жээнбеков Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Жыйында КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат. Учурда саммит башталды. Катышуучулар тар жана кеңири форматта жолугушууларды өткөрүшөт.

Жыйындын аягында бир катар документтерге кол коюлат.

 

Copyright © 2017 Maral FM