Биз менен байланышыңыз

Бүгүн да «Эйр Манастын» 3 каттамы учпайт

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 457 | 0

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек —Ош —Бишкек багыты боюнча бүгүн, 11-октябрга белгиленген 3 каттамы учпайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Каттамдардын токтотулушуна техникалык мүчүлүштүк себеп болууда. «Pegasus» авиакомпаниясынын кампасында тиешелүү тетиктер жок болгондуктан, аталган тетиктер АКШдагы «Боинг» заводунан алынып келинүүсү керек жана техникалык мүчүлүштүктөрдү оңдоо көп убакытты талап кылат.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы аталган каттамдарга билет алган ар бир жарандын телефонуна каттамдардын учпай калышы боюнча СМС билдирүү жиберет.

Билет ээлери авиациялык эрежеге ылайык, билеттерин алмаштырса, же каражаттарын толук кайтарып алса болот.

Эске салсак, 9-10-октябрда техникалык себептерден улам «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда бул каттамдар учкан эмес.

Copyright © 2017 Maral FM