Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Ашхабад шаарына учуп кетти

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 420 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына учуп кетти. Ал КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Жыйында КМШнын курамына кирген мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында: Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Беларусидагы элчиси — Кыргызстандын КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов бар.

Copyright © 2017 Maral FM