Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Мьянманы 7:0 эсебинде утту

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2019 | 2052 | 0

Футбол боюнча улуттук курама команда 2022-жылы өтө турган Дүйнө жана 2023-жылкы Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма курамасы менен беттешип, 7:0 эсебинде утуп алды.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Оюндун биринчи таймында Кыргызстандын футболчулары 5 гол киргизсе, экинчи таймында дагы 2 гол киргизип, жалпы 7:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Жарым коргоочу Эдгар Бернхард 2, Алимардон Шүкүров 2, Гүлжигит Алыкулов 1, Валерий Кичин 1, Бекжан Сагынбаев 1 гол киргизди.

Александр Крестинин жетектеген Кыргызстан курама командасында 23 оюнчу чакыртылган болчу.

Белгилей кетсек, командалар бул этапта «F» тайпасында ойноп жатышат. Кыргызстан биринчи беттешин Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Copyright © 2017 Maral FM