Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Бишкектеги «ЖЭБ-2ни» кайра иштеткиси келет

Коом | 9 Окт 2019 | 485 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек Жылуулук электр борборунун кышка даярдыгы менен таанышты. Анда жылуулук борбордун айланасындагы курулуштар тууралуу маалымат айтылды. Мындан сырткары, Бишкектеги «ЖЭБ-2» тутумунун тагдыры жана жалпы өлкө боюнча кышка карата даярдык талкууланды.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев алгач Бишкек Жылуулук электр борборунун кышка карата даярдыгы менен таанышып чыкты. Тагыраагы, оңдоп-түзөлгөн агрегаттарды, электроцех жана башкы пультту жеринен көрдү.

— ЖЭБге келип кышка карата даярдыкты көрдүк. Анын ичинде көмүр өз убагында келип жатыптыр. От казандардын даярдыгы жакшы экен. Биз ушул жана башка маселелер боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүбүз керек. Жакында эле өткөн тендер жана «ЖЭБ-2нин» тагдырын да талкуулап, чечүү жолдорун карап жатабыз.

Андан соң Премьер-министр мекемеге тиешелүү органдардын жетекчилери, энергетика тармагындагы адистердин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйынга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн катыштырган жок. Бир гана Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлдөрү киргизилди.

Жыйында кайсы маселелер талкууланганы боюнча Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров маалымат берди. Анын айтымында, жалпы өлкөдөгү кышка даярдык жана Бишкек шаарындагы 1986-жылы курулуп, 3 айдан соң жумушун токтоткон «ЖЭБ-2» тутумунун тагдыры талкууланган. Ошондой эле, анын айланасындагы курулуштар, алардын тагдыры тууралуу да маселе каралып, чечүү жолдорун иштеп чыгууга 1 ай убакыт чектелип, өкмөт тарабынан тапшырмалар берилген.

— Биз «ЖЭБ-2нин» азыркы абалын калыбына келтирүүгө канча каражат керектелет? Келечекте кандай кылып иштетсек болот?» — деген маселелерди талкууладык. Ал жердин бүгүнкү күндөгү абалын калыбына келтирип иштетүү, кошумча казандарды коюп иштетүү жана турбогенгераторлорду коюп, кошумча электроэнергия өндүрүү деген төрт сунуш берилди. Бул сунуштарды ишке ашырууга 20 миллиондон баштап, 1миллиард 700 миллион долларга чейин каражат талап кылынары айтылды.

Айтмамат Назаровдун кошумчалашынча, «ЖЭБ-2ни» калыбына келтирүүгө 1 миллиард 700 миллион доллардын тегерегинде каражат сарпталат. Маалыматка ылайык, мындай каражат жок болгондуктан, «ЖЭБ-2ни» калыбына келтирүүнүн ордуна жаңы технологиялардан болгон парогенератордук орнотуу сунушталган. Белгиленгендей, мындай жол менен калыбына келтирүүгө 150-200 миллион доллардын тегерегинде каражат керектелет.

Ал эми Бишкек жылуулук борборунун башчысы Андрей Воропаев кышка даярдык боюнча айтып берди. Анын белгилешинче, Бишкек ЖЭБи кышка толук даяр, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн, көмүр жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

— Кышка карата толук даярбыз деп айта алам. Абанын температурасы төмөндөөрү тууралуу маалымат келери менен ишти баштайбыз. 5 күн ичинде орто температураны толугу менен бере алабыз. Оңдоп-түзөө иштери да аяктап калды, акыркы казандын ремонт иштери ноябрь айында толук бүткөрүлөт. Көмүр боюнча да келишимдер түзүлгөн. Болгону ДСШ маркасындагы көмүр боюнча келишим түзүү калган. Бул боюнча да комиссия иштеп жатат. Бул — анча чоң маселе эмес.

Кошумчалай кетсек, учурда Бишкек ЖЭБинде 140 миң тоннанын тегерегинде көмүр бар. Ноябр айында дагы кошумча көмүр түшүрүлүп, жалпы 200 миң тонна көмүр топтолот.

Copyright © 2017 Maral FM