Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кыздын жакындарынан арыз түшкөн эмес

Коом | 8 Окт 2019 | 1256 | 2

Таласта 16 жаштагы кызды 35 жаштагы жаран ала качкан видео тарап, социалдык тармактарда катуу талкууга алынды. Тасмада кыз каршылык көрсөтүп жатканына карабай, ага көңүл бурулбаганын көрүүгө болот. Ал эми мыйзамга ылайык, кызды күч менен ала качкан адам 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Талас облустук милициясы тасмадагы окуянын чоо-жайын териштирип жатат, бирок аягына чыга элек. Ошол эле учурда ала качуу фактысы боюнча милицияга арыз түшпөгөнүн маалымдашты.

Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков териштирүү иштери жүрүп жатканын, бирок бул окуя кайсы жерде болгону тактала электигин билдирди.

— Учурда бул окуяны териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Райондордогу мекемелерге эч кандай арыз түшкөн эмес. Кыздын жакындары кайрылган жок, ошондуктан тактоого мүмкүн болбой жатат. 

Кыргызстанда кыздарды ала качуу жолу менен турмушка узаткан учурлар көп талкууланып келет. Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинде «аялзатын никеге турууга мажбурлоо же ала качуу  кылмыш» деп саналат. Кыз ала качкандарды 7 жылга чейин эркинен ажыратуу, ал эми никеге турууга мажбурлагандарга 300 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Бул мыйзам күчүнө киргенден тартып ала качуу 10 %га азайган.

Коомчулук кыргызчылыкка салып көп ката кетирип жатканын жана күчтөп отургузууга аракет кылган аялдарды да жоопко тартуу керектигин укук коргоочу Рита Карасартова айтты.

— Кыз ала качканды да, кыз ала качууга катышкандарды да жазага тартуу керек. Эгерде босогого жатып алган энелердин сөздөрүнө көңүл буруп кала берсек, анда ала качуу жок болбойт. 

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова буга чейин канчалаган кыздардын тагдыры бузулганын айтып, ала качуу кылмыш катары каралганы менен коом буга кайдыгер карап жатканына кейийт.

— Мына мыйзам кабыл алынса деле ала качуу жоюлбай жатканы, коомчулук мыйзамга баш ийбегени өкүндүрөт. Негизинен ала качып кетип, анан отуруп калып, кийин бир топ убакыт өткөн соң, ар кыл жагдайдан улам ажырашып кетишет. Бизге ушундай жагдайда көп кайрылышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын пикиринде, өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан бери үй-бүлө институту солгундай түштү. Мындан улам да жогорудагыдай терс көрүнүштөр орун алып жатат. Себеби, ар бир үй-бүлө ала качууга жол бербеши керек болчу.

— Мыйзамда ала качууга тыюу салынган, иш жүзүндө иштеп жатат. Мурда ала качуу коомчулукта кадимки көрүнүш болсо, былтыркы Бурулайдын окуясынан кийин буга каршы чыккандар көбөйдү.  

Эскерте кетсек, былтыр ала качууга туш болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы милиция башкармалыгынын имаратында бычакталып каза болгон соң бул маселе боюнча жазаны күчөтүү тууралуу демилге көтөрүлгөн болчу. Бирок иш жүзүндө аткарылбай келгени коомчулукта нааразычылык туудурууда.Акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча статистикага таянсак, 895 арыз келип түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон.

2 пикир

2 пикир

  1. DonaldJer

    14.01.2021 23:15

    Годнота

  2. JosephFef

    18.01.2021 05:52

    Супер давно искал

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM