Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекованын 2018-жылдагы Азия оюндарында уттурган «алтыны» кайра кайтарылды

Кыска кабар , Спорт | 26 Сен 2019 | 2937 | 0

Айсулуу Тыныбекова расмий түрдө 2018-жылдагы Азия оюндары мелдешинин жеңүүчүсү деп аталды. Бул тууралуу маалыматты Бириккен күрөш дүйнөсү UWW (United World Wrestling) уюму тараткан расмий маалыматта айтылат.

2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова 62 кило салмакта монголиялык Орхон Пуревдорж менен финалга чыгып, упай айырмасында жеңилип калган.

Ушул жылдын 3-сентябрында Азиянын Олимпиадалык кеңеши монголдун балбан кызынын канынан кызытма (допинг) чыкканын, мындан улам анын жеңиши жокко чыгарылганын айткан.

Расмий маалыматка ылайык, 2018-жылдагы Азия оюндарынын алтын медалы Айсулуу Тыныбековага өтөт. Япониялык Рисако Каваи’ге күмүш байге берилет. Ал эми вьетнамдык Ти Нгуэн менен Түндүк Корейлик Йонг Сим Рим коло байгеге татыйт.

Copyright © 2017 Maral FM