Биз менен байланышыңыз

15-сентябрь. Кыргыз-тажик чек арасындагы көрүнүш (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 972 | 0

Бул сүрөттөр 15-сентябрда Баткен районунун Жеке-Өрүк аймагында тартылган. Бул жерде кечээ, 14-сентябрда Тажикстан тарап 10 унаа шагыл төгүп, курулуш ишин баштаганы айтылган. Чек ара кызматы кошуна өлкөгө курулуш ишин токтотуу талабы коюлганын кабарлаган болчу. Бизге жөнөтүлгөн маалыматта шагыл төгүлүп, атайын техника курулуш жүрө турган жерди сүрүп, даярдап койгонун көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундун биздин редакцияга кабарлашынча, бетон куюу үчүн керектүү каражаттар да ташылып барылган.

Бирок Баткен районунун акими Каланбек Маркаевдин белгилешинче, кошуна тарап ал жерге чек ара посту курулары так маалымат айта элек.

Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Чек ара кызматынын башчысын орун басары Абдикарим Алимбаев 15-сентябрда Баткенге барды.

Copyright © 2017 Maral FM