Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: «Өнүгүү-Прогресс» партиясы келе жаткан шайлоого катышат

Кыска кабар | 14 Сен 2019 | 851 | 0

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев «Маралга» билдирди.

-Ар бир партия шайлоого баратканда өзүнө максат коюп, суроо берет. Эмне үчүн биз шайлоого баратабыз? Биз мамлекетке кандай иштерди жасашыбыз керек? Мындай суроолорго, албетте, биз дагы жооп издегенбиз. Биздин фракция келе жаткан шайлоого пландарды, максаттарды койду. Анда Кыргызстандын келечеги, коопсуздук жана башка мамлекетте эмгектенип жүргөн жарандарыбыздын укугун коргоо көйгөйлөрү каралган. Маселен, башка жакта иштеп жүрүп, Кудай сактасын, кырсыкка кабыла турган болсо, аны мамлекет бул жакка алып келгенге мүмкүнчүлүк ачыш керек. Мына ушул сыяктуу проблемаларды чечүүдө өзүбуздүн ойлорубуз, идеяларыбыз бар. 

Төрөбаев ошондой эле 2015-жылдагы шайлоодо партиянын негизги максаты региондорду көтөрүү болгонун эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM