Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Асрандиевди коштоп жүргөн адам табылды

Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 970 | 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди жанында коштоп жүргөн киши тирүү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, ал Асрандиевди калак менен айдалуучу, бир кишилик жеңил кайык менен коштоп жүргөн. Анын айтымында, Эркин Асрандиев жээкти көздөй сүзүп кетиши мүмкүн. Министрлик издөө иштери уланып жатканын кабарлады.

Эскерте кетсек, ал Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына 25 чакырымдык сууну кесип сүзүп өтмөк болгон. Бирок, кечки саат алтылар чамасында көл үстүндө катуу толкун башталып, жанындагы кайыкчан жандоочулар Асрандиевди таппай калышкан.

Аны издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу жана “Мөлтүр” кемеси тартылган. Мындан сырткары Ысык-Көл районунун акими жана прокурору “Москва” кемеси жана 1 катер менен чыгышкан. Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM