Биз менен байланышыңыз

«Апрель» телеканалы коомчулуктан жардам сурайт

Кыска кабар | 25 Авг 2019 | 636 | 0

9-август кечинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камоого алган. Бул аракеттен кийин «Апрель» телеканалынын жалпы жамааты өздөрүнүн ишин улантуу максатында «Фейсбук» баракчасы аркылуу аталган каналга «Кантип жардам берсе болот» деген билдирүү жасашты.

Аталган билдирүүдө учурда «Апрель» телеканалынын буга чейин колдонуп жүргөн техникалык базасын колдонууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, коомчулуктан төмөнкү техникалар боюнча жардам сурайт:

  • сканер жана ксерокөчүрмөсү менен принтер;
  • компьютерлер ;
  • Кеңсе буюмдары жана кагаз;
  • Үн, видео жана жарыктандыруучу жабдуулар;
  • Кеңсе эмеректери, отургучтар ж.б;
  • Кондиционер (1 даана);
  • Кара жана жашыл түстөгү кездеме;
  • Кичинекей муздаткыч.

Ошондой эле, басмакана кызматтары, бензин жана унаа оңдоо кызматы керек.

Мындан сырткары, «Апрель» телеканалынын продакшн кызматтарын колдонуп, ар түрдүү ролик, документалдуу тасма жана видеосюжеттерге буйрутма берүү менен жардам кылууга болот.

Кандай гана жардам болбосун баары сөз эркиндигин коргоп калууга багытталат.

Байланыш үчүн телефон: +996 701 403 020 Самат

 

 

Copyright © 2017 Maral FM