Биз менен байланышыңыз

Чеченстанда Европадагы эң ири мечит ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 629 | 0

Чеченстанда Европадагы эң ири мечит ачылды. Мечитке Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) урматына «Мусулмандардын сыймыгы» деген ат берилди.

Мечиттин ачылыш салтанатына жогорку даражалуу саясатчылар, 40тан ашуун мусулман өлкөлөрдөн келген коноктор жана Ислам уламалары катышкан.

Алгач мечитке өлкө президенти Рамзан Кадыровдун ысымын ыйгаруу пландалган. Бирок Кадыров анын ачылыш аземинде мечитке Мухаммед (с.а.в) пайгамбардын ысымы ыйгарылганын маалымдады.

Кадыровдун айтымында, ал мечиттин атын акыркы мүнөттөргө чейин сыр кылып келген. Анткени курулушту аягына чыгара албай калуудан чочулаган.

«Бул жерде эбегейсиз жумуштар аткарылган, ар бир ,бөлүктүн өз тарыхы бар. Ниетибиз түз болчу жана Жараткан бизге жардам берди. Кубанычымды сөз менен жеткире албай турам», — деди Кадыров.

Кадыров мындан сырткары, шаардык кеңештен көзү өткөн соң анын атынан чакан мечит курууну суранды.

Белгилей кетсек, мечиттин курулушу 2012-жылдын декабрь айында башталган. Курулушта ак мрамор жана алтын пайдаланылган. Анын ичи 30 миң, ал эми сырты 70 миң адамга ылайыкталып, жалпы 5 гектардан көп жерди ээлеп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM