Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Сейитбек Атамбаевдин баштыгынан акчалар табылды

Кыска кабар | 17 Авг 2019 | 724 | 0

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Кой-Таштагы үйүнө каткан баштыкты тапты. Анда ири суммадагы акча, чыгымдалган каражаттар боюнча маалымат табылган.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо атайын операциясындагы окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинде 9-августка караган түнү соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынган. Анда Сейитбек 8-августта таштап кеткен баштыктан 170 миң сом акча жана адамдардын аты-жөнү, жашаган жери, телефон номурлары жазылган барактар табылган. Ошондой эле 2 млн. 225 миң сом жана 316 миң доллар коротулганы жазылган барак да чыккан. ИИМ бул сумма массалык башаламандыкты уюштургандарга сарпталган акча болушу мүмкүн экенин кабарлады.

«Учурда жогорудагы барактар дыкат иликтенип жатат. Кийинчерээ мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Сейитбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча ИИМге сурак берип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM