Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 13 Авг 2019 | 534 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир катар оор берене боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кылмыш иштеринин катарында “Адам өлтүрүү” фактысы да бар:

— Атамбаевге карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башаламандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча кабарлама берилди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта күч органдарынын биргеешкен атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү мурдагы президенттин баш коргоо чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери каза болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM