Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Азыркы өкмөт алсыз…

Күн чекит | 26 Июл 2019 | 937 | 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чектешкен аймагынан жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашты.

Биз бул теманын тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

— Президенттердин жолугушуусу чек ара маселесин чечүүгө канчалык көмөк бере алат?

— Өтө чоң дем берет. Маселен, буга чейин көйгөй жаратып келген Өзбекстан-Кыргызстан чек арасы эки президенттин жолугушуусунан кийин алдыга жылган. Бул жерде өлкө башчылары өзүлөрүнүн эркин көрсөтүп, ымалага келип, ишти алдыга жылдырса, абдан жакшы болмок.

— Президенттердин жолугушуусунан кийинки аткарылчу иштер кандай жүрүшү мүмкүн? Өкмөт ишти аткара алабы?

— Ал президенттин көзөмөлүндө болсо аткарат. Өзү дагы көзөмөл жүргүзүп туруусу керек. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүрүп, эки жакка тең пайдалуу чечимдер болушу зарыл.

— Чек арага жакын жайгашкан айылдарга макам берүүгө, инфратүзүмүн жакшыртууга азыркы өкмөттүн алы жетеби?

— Азыркы өкмөт өтө алсыз. Биз Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып бергенбиз. Мына ошону акыркы жолу караганда, биз өкмөттү отставкага кетиребиз дегенге чейин барганбыз. Анткени, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин каралбаптыр. Ошондо гана бир аз иштер жүрүп баштаган. Бирок мен бир нерсени айтып коюшум керек: азыркы өкмөттө кесипкөй адистер аз.

— «Өкмөттө кесипкөй адистер аз», — деп жатасыз. Андай болсо президенттердин жолугушуусундагы макулдашуулар, кабыл алынган чечимдер аткарылбай калбайбы?

— Ошон үчүн өкмөт аралык сүйлөшүүдөн эч кандай майнап чыкпай жатты да. Антсе да, президент тапшырманы берип, талапты катуу койсо, аткарышы мүмкүн. Бул маселени чечүү үчүн бир жыл талап кылынат. Ратификация кабыл алынып, Жогорку Кеңеш караганча, бир жыл кетип калат.

— Бул жолугушуудан: «Мындан ары делимитация, демаркация иштери толугу менен чечилет, кыргыз-тажик чек арасында көйгөй жаралбайт», — деген тыянак чыгарсак болобу?

— Бул маселе бизден гана көз каранды эмес. Эки тарап бирдей аракет кылышы керек. Бир тараптуу аракеттен майнап чыкпайт. Тажикстан менен экономика, социалдык, маданий жана башка тармактарда кызматташууну күчөтүшүбүз кажет. Анткени, өлкө борборунан бир топ эле алыс жайгашкан Баткен облусу мамлекет үчүн чоң роль ойнойт. Алаканы кеңейтип, кызматташтыкты күчөтүшүбүз зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM