Биз менен байланышыңыз

Орозова: Чек арага бөлүнгөн каражатты көбөйтөлү

Күн чекит | 25 Июл 2019 | 334 | 1
Баткендин Ак-Сай айылы

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты. Чыр таш ыргыткандан тарта курал колдонууга чейин жетти. Бир канча милиция жана чек ара кызматкерлери, жай тургундар жабыркады. Баткен-Ифана, Исфара-Ворух жолу жабылды. Эки өлкөнүн тийиштүү жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, абал турукташты. 25-июлда жолдор эки тараптуу ачылды.

Ал ортодо Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-июлда Исфара жана Ворухта жолугушары расмий кабарланды. Эки өлкө башчысы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине көңүл бурушат.

Кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда жашаган калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу олутуу маселе. Бул тема боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

Марал: — Кыргыз-тажик чек арасындагы чектеш аймактардын элинин жашоо-шартын кантип жакшыртуу керек деп ойлойсуз?

Карамат Орозова: — Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарда жашаган элдин социалдык абалы өтө начар. Айрыкча, Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татырда жашоо деңгээли төмөн, жумуш орундары жок. Социалдык объектилер да аз курулган. Элге эки сотыхтан гана үлүш жер тийген. Үйлөрүн деле Орусиядан иштеп келген акчасына же насыяга алган акчага курушкан. Бирок ага карабастан, чек арага жакын жашаган эл «чыныгы тосмо» катары чек араны коргоп турушат. Ошондуктан, аларга мүмкүн болушунча ыңгайлуу жашоо шартын түзүү керек.

Мисалы, акыркы мезгилде чакан эле ФАПтар (-ред.: фельдшердик акушердик пункт) иштеп жатат. Дарыгери, койкасы, үй-бүлөлүк дарыгерлери да жок. Жаштар үчүн машыгуучу спорттук аянттар жок болгондуктан, жигиттер тажик тараптын аянтына барышат. Чынында, алар тажиктерге барып, ошолордун жеринде ойногону үчүн намыстанышат.

Өзгөчө ушул күндөрү чыр чыккан Ак-Сай айылы эки өлкөнүн тең тагдырын чечкен стратегиялык аймак болуп эсептелет. Себеби, Тажикстандын Ворух деген айылы барган сайын кеңейип жатат. Ал биз тараптагы анклавда турганы менен Тажикстан ал жерден элин көчүрүп кеткендин ордуна барган сайын көбөйтүп, шарт түзүп берип жатат. Анткени, анын артында чоң жайыт бар, эң чоң суу түшкөн тоолор турат. Ошондуктан, тажиктин эли ал жерге отурукташып ээлеп ала электе, биз дагы жергиликтүүлөрдүн жашоо-шартын оңдоп, алып калышыбыз керек.

Ал жерде жашаган эл алектене турчу жумуш жок болгондуктан, компенсация төлөп берүү керек, мугалимдердин, медкызмткерлердин айлыгын, карылардын пенсиясын көбөйтүү керек. Тоолуу аймак катары катаал шартты же чек арага чектеш деген макамды эске алып, жогоруда айтылган шарттарды түзбөсө болбойт.

Марал: — Бул айылдарга чек ара макамы берилгенби? Эгер берилсе, ал маселени чечеби?

Карамат Орозова: — Баткендеги чек арага чектеш айылдарга «чек ара» макамы берилген. Бирок анын негизинде эч нерсе жасалган эмес.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 1986-жылдан бери болуп келет. Ошол жылы СССР убагында да ызы-чуу чыгып, Ак-Сайдын элин коопсуз жайга көчүрүшкөн. Ошондо төрөлгөн балдар бүгүнкү күндө 30-35 жашка келип калышты. Ушунча жылдан бери алар стресс менен жашап келишет. Боюнда бар аялдарды, улгайган адамдарды, балдарды инцидент болгон сайын көчүрүп, кайра алып келип жатабыз. Бул маселени чечпесе, биз күн сайын кеч калып жатабыз. Тажикстанда төрөлүүнүн саны аябай көп, аларга жер, суу, жайыт керек. Алардын да таянган документтери бар. Ошондуктан, башка ишти токтотуп, чек араны такташыбыз керек.

Марал: — Ал үчүн өкмөт эмне кылышы керек?

Карамат Орозова: — Эми албетте, ар бир эле аймакка социалдык объектилерди куруу зарыл. Бирок ошол курулуштарды бир жылга токтотуп, мораторий киргизип турсак, жашоо улана берет да. Бул убакытта биз болгон каражатты кыргыз-тажик чек арасына жумшасак жакшы болмок. Эгер чек арага көңүл бурбай, убактылуу элди сооротуп кое берсек, жерди алдырып жиберебиз. Өлкөдө канчалаган курулуштар токтоп деле турбайбы. Мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткан той-аштарды бир жылга токтотсок болбойбу? Бюджеттеги акчаны чек арадагы калктын жашоосуна жумшап, элди алып калбасак, кеч болуп калат.

Copyright © 2017 Maral FM