Биз менен байланышыңыз

Нышанов: Салык кызматы бюджетти толтура албады

Күн чекит | 22 Июл 2019 | 1093 | 0

Теңизбек Абжапаров Мамлекеттик салык кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин төрага болуп иштеп кеткен Кабыл Абдалиев дайындалды. Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн кабарлады. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков салык жыйноо боюнча иш чабал болуп жатканын айтып, сынга алган болчу. Биз бул теманын тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов менен түз эфирден маек курганбыз.

— Бул чечим эмнеге байланыштуу болду? Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин мындай буйрук чыгарышына эмне түрткү болду?

— Бул жерде быйылкы республикалык бюджетти толтуруу боюнча аксоо бар. Тагыраагы, 1 млрд сомдой план толгон жок. Ал эми экинчи себеп, жаңы шайланган адам өзүнүн каналдары аркылуу премьер-министрге сүйлөшүүгө чыкты. Бул кызматка ынтызар болчу.

— Бул кызмат жакында эле жарым жылда жасаган иштери боюнча маалымат берди. Сиздин баамынызда, салыктын чогултулушу, пландын аткарылышы кандай болду?

— Ачыгын айтканда, бул тармак боюнча Абжапаровдун маалыматы анчейин терең эмес болчу. Кала берсе, тааныш эмес эле. Бирок башкасы келсе деле ушундай болмок. Болгону жаңы система ойлоп чыгуубуз керек. Дегенде, өзүбүз чуркап барып салыкты төлөй тургандай кылышыбыз зарыл. Башка багытты карап көрсөк, сатылган товардын көлөмү азайып кетти. Буга себеп: ал товарлардын аткезчилик жол менен кирип жатышы. Бирок бул жерде бир маселе бар. Маселен, күйүүчү май жолдо эле сатылбайт да. Өзүнүн сатыла турчу орду жана сатык ченеми болот.

— Салык кызматын фискалдаштыруу саясаты эмнеге ойдогудай болбой жатат?

— Бул — чоң маселе. Маселен, кафеге барсаңыз, көп адам отурат. Ал жакка каражатты алып барабыз. А канча акча ошол тарапка жумшалат? Бирок салыкты төлөгөнү келгенде — башкача. Айта кетсек, салыкты карапайым эл гана төлөйт. Ал эми чоңдордун көбү төлөбөйт. Шайлоо учурунда гана каражаттарын чачып, убадаларын берет. Өткөндөн кийин — башка жашоо. Бүтүндөй системаны жаңыртып, өзгөртүү киргизгенде гана көйгөйлөр чечилет.

— Кызматкерди алмаштыруудан кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

— Бир адам кеткенде бүтүндөй жашоо өзгөрүп кетпейт. Бул сөздү айтпасак деле иш жүзүндө көрүнүп турат. Жаңы дайындалган жигитти билем. Мурун Ош шаарында да иштеп жүргөн. Бирок эч нерсени деле чече албайт. Эгерде отчетто план толтурулуп калса, «Мен беш айда жетиштим», — деп чыга келет. Эгерде жетишпей калса, «Беш айда эмнеге жетишмек элем?» — деп кутулуп кетет.

— Ошондо план туура эмес коюлганбы?

— План боюнча аксоолор бар. Маселен, чоң планды кичинекей райондорго коюп коет экен. Алар эмне кылышат? Албетте, өзүлөрүнүн ордун сактап калышы керек да. Башка райондун планы ашып кетсе, толбой калган жерге оодарып жиберишет экен. Ошондо көрсөткүчтүн бардыгы өз нугуна түшүп калат экен да.

— Буга чейин президент да бул тармакты чабал деп сынга алды эле. Мындан ары сындар жоюлабы? Салыктар план боюнча чогултулабы? Алдыдагы прогнозуңуз кандай болуп жатат?

— Бул системада баарыбыздын күнөөбүз бар. Мамлекеттик кызматкерлердин маянасы аз. Ушул көйгөйдү чечишибиз керек. Грузияда айлыкты көбөйтүп, талапты күчөтүп койду го. Биз да ушул ыкманы колдонушубуз керек.

Copyright © 2017 Maral FM