Биз менен байланышыңыз

Тамак-аш коопсуздугу талапка жооп береби?

Коом | 18 Июл 2019 | 1056 | 0

Тамак-аш жана азык-түлүктү санитардык ченемдерге ылайык сактоо эрежелери бузулган фактылар байма-бай айтылып келет. Айрыкча, жайкы аптапта тез бузулуучу азыктар жарандардын саламаттыгына коркунуч келтирген учурлар көп катталат.

Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиевдин билдиришинче, борбор 2019-жылдын январь айынан бери өз алдынча санитардык көзөмөл жүргүзүү укугунан 2 жылдык мөөнөткө ажырап калган. Ишкерликти өнүктүрүү максатында өкмөт ушундай чечим кабыл алган. Мындан улам, керектөөчүлөрдүн атайын кайрылуусунун негизинде гана Экономика министрлигинен уруксат алып, санитардык эреже бузду делген жайды текшере аларын айтат. Ошол эле учурда, аптаптан бузулуп кеткен тамак-аш, азык-түлүктөргө даттануулар көп болуп жатканын да жашырбайт.

— Бизге чектөө койгонго чейин сутканын кайсы убагында болбосун, эч кайсы мамлекеттик органдар менен макулдашпай туруп эле текшергенге укугубуз бар болчу. Биз: «Тамактануучу жайлардын санитардык абалын стикер аркылуу баалайлы», — деген сунуш киргизип жатканбыз. Мораторийден кийин токтоп калдык.

Шаар тургундарына: «Азык-түлүк жана тамак-ашты сатуудагы санитардык эрежелердин сакталышы канааттандырабы?» — деген суроо узатып, төмөнкүдөй жоопторду алдык:

— Негизи, азык-түлүк алганда сөзсүз мөөнөтүн карайм. Колдонуу мөөнөтү өтсө деле сатыкка чыгаргандар көп эле. Санитардык эрежени сакташпайт, жакшы карашса болмок.

— Тишелүү органдар текшеримиш болушат, белгилүү да, акча берип уруксат алышат, ишин кыла беришет.

— Баары бирдей эмес. Таза иштегендер бар, эреже сактабагандар бар. Көзөмөлдөп жатат деп калышат, бирок кандай иштеп жатышканын билбейм.

Биздин өлкөдө тамактануу маданияты бузулган. Азык-түлүк, тамак-аш тармагын тейлөөдө тиешелүү билими жок адамдар кызмат кылат. Мындай пикирин Тамак-аш өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Мансурова билдирди. Анын пикиринде, бул тармактагы башаламандыктарга жалпы жарандар да кайдыгер карап жатат. Маселени чечүү үчүн кесипкөй адистер иш алып барып, карапайым калктын билимин көтөрүү керек экенин айтат.

— Мисалы, Ош базарын алгыла. Машина көп, алардан зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Тамак-ашты ачык эле сатып жатышат, ага ошол зыяндуу заттын баары жармашат. Тез татымдар, нан азыктары — баары ачык сатылат. Коомдук тамактануучу жайларды караган эч ким жок.

Белгилей кетсек, 2019-2023-жылдарга карата «Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу» программасы бекитилип, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Программанын негизги милдеттери туруктуу өнүктүрүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга карата алдын алуу болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM