Биз менен байланышыңыз

Исаков: Бардык кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өтүшөт

Күн чекит | 26 Апр 2019 | 799 | 0

Жалал-Абаддагы мектеп мугалими кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыгы аныкталды. Текшерүүдө ал сабак берген мектептин 2 окуучусунан да оорунун белгилери байкалган. Бирок, дарыгерлер: «Окуучуларга мугалимден оору жукту деп кесе айтуу туура эмес», — деген билдирүү таратты. Учурда, мектеп мугалими жана эки окуучу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дарыланууда. Бул туурасында КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлөн Исаков менен «Марал» радиосунун «Күн чекит» программасында түз эфирде маектештик.    

Марал: — Бүгүнкү күндө бала бакчаларда жана мектептерде иштегендерди медициналык жактан текшерүү кандай таризде өтөт?

Исаков: — Бир жылда бир жолу кызматкерлер жана окуучулар «тереңдетилген» медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Эгерде кандайдыр бир оорунун белгиси чыкса, анда сөзсүз түрдө толук текшерүүдөн өтүшөт.

Марал: — Негизи буга чейин «кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өтпөй жатат» деген нааразычылык иретиндеги маалыматтар коомчулукка жарыяланды эле. Бул жагын сиздер кантип көзөмөлгө алып жатасыздар?

Исаков: — Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Бардыгы эле медициналык көзөмөлдөн өтүп турушат. Бирок, айрым аймактарда бир эле врачтын текшерүүсүнөн өтүп калгандар кездешет. Мисалы, педиатрлардан же көз докдурлардан деген сыяктуу. Кээде жетишпей калып, айрым врачтардын кароосунан өтө албай калган да учурлар да болуп калат. Мындай жагдайлар бирин-серин гана. Негизинен, кандай гана жагдай болбосун, ар дайым догдурлардын көзөмөлүндө болуп, ар бир бейтап дыкат каралып турат.

Марал: — Жалал-Абаддагы мектеп окуучуларына кургак учук оорусу мугалимдерден жукту деген маалымат тарап жатат. Мындай болушу мүмкүнбү?

Исаков: Бул маалымат азыр такталып жатат. Анализдин жыйынтыгы чыгары менен сиздерге кабарлап коёбуз. Эгерде, чындап мындай окуя каттала турган болсо, «Кызматкер мурда-кийин медициналык каттоодон өттү беле?» — деген маселе козголот. Эгерде өтпөсө, ошол мектептин директору жоопко тартылат.

Марал: — «Медициналык маалымкатты бергенде, сөзсүз тааныш-билиш аралашып кетет» деген пикир дайым эле айтылып келет. Мындай нараазылыктан кутулуш үчүн маалымкатты алууда атайын электрондоштуруу, же ушул сыяктуу башка кадамдарды жасоого мүмкүнбү?

Исаков: — Бизге ай сайын аймактардан, «Ар кандай жугуштуу оору боюнча канча адам катталды? Ал эмнеден жугузган?» деген сыяктуу маалыматтар камтылган электрондук отчет келип турат. Эгерде, кайсы бир облуста жугуштуу оору көп катталса, борбордон атайын дарыгерлер жиберилет. Барып карап, дарыланганга аракет кылышат. Мамлекет аларды өз каттоосуна алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM