Биз менен байланышыңыз

Төраганын Түркияга сапары: Whatsapp аркылуу чыккан чечим

Саясат | 17 Июл 2019 | 625 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана 6 депутат 15-июль күнү расмий сапар менен Түркияга барышты. Анда Анкара өзү эле төңкөрүш кылуу аракети деп баалаган окуяны, «15-июлдун курмандыктарын» эскерүүгө катышты.

Аны коштоп 6 депутат, тагыраагы, Алмазбек Акматов, Искендер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов барган. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы бул визитти расмий сапар деп айтты.

Төрага кайсы бир өлкөгө чыга турган болсо, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети чечим чыгарышы керек. Биз бул чечимге кызыгып, ал комитетке мүчөлүк кылган депутаттарга байланышып көрдүк. Бул боюнча Абдывахап Нурбаевдин, Каныбек Иманалиевдин, Динара Исаеванын, Чыныбай Турсунбековдун кабары болгон эмес. Ал эми Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана Анвар Артыковдор чечимди колдогон эмес. Анвар Артыковдун айтканына таянсак, бул чечим боюнча өтүнүч депутаттарга Whatsapp аркылуу эле жөнөтүлгөн.

— Мен катышкан эмесмин. Бизге Whatsapp аркылуу кабарлашыптыр. Бирок Whatsapp аркылуу добуш берүү процедурасы мыйзамда жок. Буга чейин да шашылыш учурда сурамжылоо негизинде колдоп жүргөнбүз. Бирок анда келип, кол койдуруп кетишчү. Документ болгон соң кагазга кол коюлушу керек да.

Биз байланышкан депутаттардын ичинен Тынчтык Шайназаров менен Закир Шарапов чечимди сурамжылоо негизинде кабыл алышканын, анда колдошконун айтышты. 5 депутат менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Максат Сабиров кайсы бир чечимди колдоп бергенин, бирок анын мазмунун унутуп калганын айтты.

Дагы бир жагдайга токтололу. Эс алуу учурунда депутаттын ыйгарым укуктары чектелет. Маселен, эл өкүлү Ирина Карамушкина жарандардын иши боюнча мамлекеттик органдарга кайрылганда, депутат эс алуу учурунда чечимдерге кол коюуга, органдарга тапшырма бергенге укугу жок экенин эскертишкен.

— Бул чечимди эмнеге эс алуудан мурда карап, пландашкан эмес. Мага да чалып, чечимге кол коёр-койбосумду сурашты. Мен колдогон жокмун. Анткени, бул сапар шашылыш чечим кабыл алгыдай, мамлекет үчүн маанилүү окуя эмес. Ошол себептүү биздин чечим кабыл алууга ыйгарым укугубуз жок. Буга кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы болгон жана төрагага кысым жасалганы көрүнүп турат.

Бирок Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев чечим кабыл алынганын кыскача айтты.

— Чечим кабыл алынган. Бул боюнча толук маалыматты протокол бөлүмүнөн алсаңар болот.

Депутаттардын иш сапары 4 күнгө белгиленген. Чечимде транспорттук чыгымдар Жогорку Кеңештин эсебинен каржыланат деп турат. 7 депутат жана аларды 6 кызматкер коштоп барган. Туризм сезонунда билет баалары кымбаттай турганын эске алганда, парламенттин фондунан кеткен акчанын аз эмес экенин болжоого болот. Ал эми бул иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Ирак жана Пакистан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү гана катышып жатканын жергиликтүү басылмалар да жазып чыгышты.

Түрк бийлиги Гүлендин тарапташтары Кыргызстанда да бар экенин, ошол себептүү кыргыз бийлиги аларга каршы күрөш жүргүзүүсүн сунуштап келет. Бирок Кыргызстан буга чейин орто жолду карманып, позициясын так кесе айтпай келгенин да серепчилер белгилешет. Төраганын түрк бийлиги менен Гүлен маселесине байланышкан иш-чарага катышуусу Кыргызстандын тышкы саясаттагы көз карашына, позициясына каршы келип-келбешин билүү үчүн серепчилердин оюн уктук.

Дипломат Кубан Мамбеталиевдин пикиринде, бул катардагы протоколдук иш-чара болуп саналат. Мында эч кандай терс көрүнүш же туура эмес кадам жок. Бирок ал иш-чарага катышкан депутаттар Жогорку Кеңеште маселе көтөрүп, түрк бийлигинин буга чейин айтып келген сунуштарын колдоп, же аны ишке ашыруу аракетине өтүшсө, туура эмес кадам болорун эскертти.

— Парламент Түркиядан келип, ушундай кылалы, мыйзам кабыл алып, «Сапатты» жабалы, ордуна «Маарифти» ачалы деп демилге кылса, коомчулук карап турбайт. Кыргыз коомчулугу мындайга жол бербейт. Өкмөт башчыбы же президентпи, ким ушундай аракетти демилгелесе, биз айтып чыгабыз.

Түркия 2016-жылкы окуяны алдын ала пландаганын, Фетхуллах Гүленге айып жок жерден оодарылганы боюнча да ар кандай изилдөөлөр жарыяланып, Түркиянын оппозиция өкүлдөрү да айтышкан. Түркиядагы буга чейин болгон 3 төңкөрүштөн бул окуянын айырмасы чоң экени, атайын уюштурулганы тууралуу да сөз болуп жүрөт. «Бул окуяны пайдалануу менен Эрдоган өзүнүн саясий оппоненттеринен арылып, тышкы саясаттагы нугун өзгөрткөн», — дейт «Саресеп» коомдук-аналитикалык сайтынын башкы редактору Эсен Өмүракунов. Муну менен катар, Түркияга барган делегация алардын саясий оюнуна ишенип калса, коркунуч жараларын да белгиледи.

— Төрага Түркиядан туура эмес маалыматтарды алып, аны Кыргызстандын элитасына жайылта турган болсо, кыргыз тарап уттура баштайт. Алардын оюнуна кирип, ички саясатын Кыргызстандын ички саясатына аралаштырган болобуз. 15 миң баланы окуткан мектептерди жабууга киришсек, Кыргызстандан дагы эле инвесторлор качат, «мээ көчү» болот.

Тышкы иштер министрлигинин айтышынча, Фетхуллах Гүлен маселесинде Кыргызстан өзүнүн так позициясын билдире элек. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын жана депутаттардын бул маселеге байланышкан иш-чарага катышуусу Кыргызстандын тышкы саясаттагы позициясына таасир этип-этпеши боюнча тактап, маалымат бере турган болду.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 15-июлунда түрк бийлиги Түркияда төнкөрүш жасоо аракети болгон деп, ага Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Бүгүнкүгө чейин 128000ден ашык адам өкмөттүк кызмат орундарынан алынган, алардын катарында 7000 дарыгер жана 7316 жогорку окуу жайларынын кызматкерлери да бар. 92000ге жакын адам кармалып, 45000ден ашык адам  камалган, 162 журналистти кошкондо. «Эл аралык амнистия» жана «Хьюман райтс вотч» (Адам укугун коргоо) уюмдары камакка алууда камалоо борборлорунда систематикалык кыйноолор болгондугу жөнүндө кабарлашкан.

Copyright © 2017 Maral FM