Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сары: Мал ууланган суудан эл да ичет

Күн чекит | 15 Июл 2019 | 1496 | 0

Социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда койлор кырылып жатканы» тартылган видеолор тарады. Ошол эле учурда жергиликтүү чабандар малдын эмне себептен өлүп жатканын иликтеп берүүнү талап кылышууда. Солтон-Сары жайлоосун жайлаган, атын атагысы келбеген малчылардын бири «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берди.

Марал: — Солтон-Сары жайлоосундагы малдын өлүмүнө эмне себеп болуп жатат деген ойдосуздар?

Тургун: — Өзүбүз да так билбей жатабыз. Бул жакта кытайлык компания кен иштетет. Анын алкагында жардыруу иштери да жүрүүдө. Ошол жардыруулардан кийин мал өлө баштады. Аккан суудан мал ичет. Ошондон болдубу же малдын ылаңы себеп болдубу, так билбейбиз. Ылаң дейли десек, кой-эчки эле эмес, уй, топоз, жылкы кошо кырылып жатат.

Марал: — Бул суудан эл да ичеби?

Тургун: — Жардыруулар болгондо чоң-чоң таштар ыргып келип сууга түшүп жатат. Ошол эле суунун ылдый жагынан жайлоодогу эл суу алабыз. Биздин тамактарыбыз ооруп калганын байкадык. Суу булганганына байланыштуу таза сууну ташып келип берип жатышат. Өзүбүз ташып келип ичип жатсак, малга кайдан ташыйбыз, мал иче берет да. Радиация деген ушул да. Бир убакта Давыдов мөңгүсүн чаң басып ит болдук эле, ошол сыяктуу болуп кетеби деп кооптонуп турабыз.

Марал: — Канча кишинин малы эле?

Тургун: Негизи бир чабанга айылдын 10-15 тургуну малын кошуп берет. Ар кимдин малы бар ал жерде. Малы өлгөндөр акча деле сураган жок. Биз болгону кендин иштетилиши зыян алып келеби, же жокпу иликтенишин каалап жатабыз. Бул жерде башка кендер да иштетилет, бирок буга чейин мындай учур катталган эмес.

Марал: Бул Солтон-Сары жайлоосунда мал кармаган тургундардын бири.  Биз Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын адиси Чыңгыз Романовдон расмий маалыматтарды уктук.

Марал: — Бүгүн бир топ тургун кен иштеткен компания агын сууну булгап, жайыттагы мал жапырт кырылып жатат деп кытайлык компаниянын ишин токтотуусун талап кылышты. Сиздер барып иликтеп көрдүңүздөрбү? Ал жерде малдын ылаңы барбы, же кендин иштетилиши чыны менен зыян алып келип жатабы?

Чыңгыз Романов: — Биздин лабораториялык изилдөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, өлгөн малдын этинен нейтрат жана мышьяк аныкталып жатат. Бул малдын организмине уулуу зат киргенин билдирет, ошондон ууланган десек болот. Алтын казганда жардырууга кошулган кандайдыр бир уулуу заттар сууга кошулуп кетип, андан ичкен жаш төл ууланып калган деп болжоп жатабыз.

Бул окуя 8-июлда катталган. Биздин Нарындагы ветеринардык инспекторлор жана лабораториянын адистери менен биргеликте малдын этинен алып текшерүү жүргүзүлгөн. Ал учурда эч кандай жугуштуу ылаңдын белгиси байкалган эмес. Ошол эле учурда, комплекстүү изилдөө үчүн экспертиза дайындалды. Тиешелүү тармактардан комиссия түзүлдү.

Марал: Жардыруу боло турчу жерде малчыларга башка жакка көчүү боюнча эскертүү берилгенби?

Чыңгыз Романов: — Бизге келген маалымат боюнча 29 кой өлгөн. Негизи кен иштетилердин алдында ал жерге мал жаюуга уруксат берилбейт. Жергиликтүү бийлик чабандарды кен иштетилүүчү жерден алыскы жайыттарга көчүрүшкөн. Малы өлгөн чабанга эскертүү берилген, бирок ал көчпөй койгон экен. Анын жайыты кен иштетилген жерге жакын болгон. Ал эми башка жайыттарда мындай абал катталган жок.

Марал: — Экспертизалардын жыйынтыгы качан чыгат?

Чыңгыз Романов: — 3 күндөн бир жумага чейинки убакытта чыгат. Ал изилдөө кайсы ыкма менен жүргүзүлөрүнө байланыштуу болот. Эгерде биздики бактериялык ооруларга карата жүргүзүлсө, ал он күнгө чейин созулат. Себеби, микробдорду атайын жайга өстүрүп, так жыйынтык алууга аракет кылышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM