Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 960 | 0

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, Бусурманкул Табалдиев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна шектелип изделип жатат. Министрликтин тергөө кызматы кылмыштын белгилери боюнча сотко чейин териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине шектелип ошол кездеги бир катар жооптуу жетекчилер камакка алынган. Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана бир катар кызматкерлердин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Мурдагы башпрокурор Аида Салянова 26-августка чейин камакта калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM