Биз менен байланышыңыз

Казакстандын премьер-министри Бишкекке келди (видео)

Кыска кабар | 12 Июл 2019 | 731 | 0

Бүгүн, 12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аба майдандан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Иш сапардын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт.

Анда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VIII отуруму да өтөт. Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, суу-энергетикалык өнүгүү, азык-түлүктүк өндүрүш жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөнү сүйлөшүшөт.

Сапардын жүрүшүндө казак өкмөт башчысын президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алат.

Аскар Мамин баштаган делегациянын курамында премьер-министрдин орун басары Женис Касымбек, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев, премьер-министрдин канцеляриясынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев, Саламаттыкты сактоо министри Элжан Биртанов, Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов, мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы, каржы министри Марат Султангазиев бар.

Расмий визиттин алкагында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM