Биз менен байланышыңыз

Кусеинова: Бишкектин окуучуларынын 85%ы электрондук каттоодон өттү

Күн чекит | 9 Июл 2019 | 762 | 0

Балдарды 1-класска киргизүүдө коррупциялык иштер көп катталгандыктан, жаңы система ишке кирген. Ал — ушул жылдын 16-февралында пилоттук режимде иштей баштаган электрондук кезек аркылуу каттоо долбоору. Бүгүнкү күндө электрондук кезекке туруунун экинчи баскычы жүрүп, балдарды мектепке кабыл алууда. Биз бул теманын тегерегинде Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова менен маек курдук.

— Электрондук кезекке туруу система кандай иштеп жатат?

— Бул система иштелип чыккан жобонун негизинде иштеп жатат. Бүгүнкү күндө окуучулардын санынан 85 %дан ашык арыздар кабыл алынды. Белгиленген эле тартипте иштер жүрүүдө. Учурда Бишкек шаарынын 40тай мектебинин квотасы аяктады.

— Катталган балдардын саны канча болду? Анализ жасап көрдүңөрбү?

— Албетте. Анализ бизде күндө жүрүп турат. Анализди ар бир жаран жасап көрүүгө болот. Сайтыбыз дайыма ачык, ошол жакка баш багып, маалыматтарга ээ болуп турса болот. Бүгүнкү күндө 15138 электрондук арыз катталып, анын ичинен 13503 бала мектепке кабыл алынды. Мындан сырткары, 2617 бош орун бар.

— Сентябрда ушул система менен канча бала мектепке барат?

— Бишкек шаарынын мэриясынын берген маалыматы боюнча, жаңы окуу жылында 17755 бала келет. Ошонун негизинде ар бир мектепке квота берилет. Ар бир мектеп өзүнүн дараметине жараша кабыл алууга даяр.

— «Электрондук кезекке турбаган балдар да катталууда» деген маалыматтар коомчулукта айтылып жатат? Ушундай болушу мүмкүнбү?

— Бул система алгачкы жолу Бишкек шаарында пилоттук режимде иштеп жатат. Эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Кезекти артка жылдыруу же башка бирөөнү жазып коюу мүмкүн эмес. Кээде болот, баланы бир мектепке каттатып, бирок ата-энеси башка жакка окутууну каалап алып кетсе, анда бош орунга башка бала жазыла берет. А кеткен бала башка жактагы мектепке өзүнүн кезеги менен кирет. Жадагалса, мектеп директору да окуучуларды системадан четтете албайт. Биринчи тизмедеги бала арызын тапшырбай калса, экинчи окуучуну кабыл ала албайт.

— Катталууга жетишпей калган же документтери туура болбой калган балдардын абалы кандай болот?

— Мындай учурда атайын билим берүү борборлоруна барып арыз жазышы керек. Электрондук кезекке туруу августтун ортосуна чейин эле иштемек. Бул долбоор быйыл алгачкы жолу иштеп жатканын эске алып, августтун аягына чейин жылдырдык. Бул система эми Ош шаарына да киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM