Биз менен байланышыңыз

Энергетик: Күзүндө Токтогул суу сактагычында суу көбөйөт

Күн чекит | 8 Июл 2019 | 871 | 0

«Электр станциялар» ишканасы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат берип, учурда суунун көлөмү көбөйүп жатканын, бирок былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экендигин билдирди.

«Электр станциялар» ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева:

— Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5-июлга карата 15 млрд 464 млн куб метрди түздү. Суунун күндүк орто агып кириши секундасына 966 куб метр, агып чыгышы 350 куб метр болууда.

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 1-октябрдан 31-мартка чейин жааган жаан-чачынга жана кардын көлөмүнө байланыштуу азайып же көбөйүп турат. Кыргызгидромет борборунун соңку маалыматтарына таянсак, Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 86 пайыз болгон. Ошондуктан, быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу суунун көлөмү аз болот. Бирок 1-октябрга чейин 17 млрд куб метр суу топтолот деген пландарыбыз бар. Ички керектөөлөргө эч кандай чектөөлөр киргизилбейт.

Марал: — Суунун көлөмү эмне себептен аз болуп жатат, мындай жагдай күз-кыш жылытуу мезгилине таасирин тийгизеби? Бул суроону КРнын Эмгек сиңирген энергетиги Мырзатай Султаналиевге узаттык.

Мырзатай Султаналиев: — Суунун аздыгы же көптүгү электр энергиясын иштеп чыгууга сөзсүз таасирин тийгизет. Ошол эле учурда быйыл суу аз болуп калды дегенге мен кошулбайм. Быйыл суу жетиштүү. Мен бир эле тарабын айтып коеюн, мисалы, июнь айынын ортосуна чейин тоолордо абанын температурасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу өтө төмөн болуп турду. Андан кийин суу көбөйө баштап, секундасына миң куб метрге жетти. Азыр суунун агып кирүү темпи июль айынын ортосуна чейин болот.

Албетте, жылдан-жылга мөңгүнүн эриши көбөйүп баратат. Бирок суунун көлөмү электр энергиясын иштеп чыгууга кышкыга жетиштүү. Келерки жылы кандай болорун жаратылыш күчүнө жараша болот. Ошондуктан алдын ала дүрбөлөңгө түшпөө керек.

Марал: — Сууну азайып кетишин нормада кантип сактап турса болот?

Мырзатай Султаналиев: — Мен дайыма бир гана нерсени айтып келем, суу темасында же кыш келгенде баары энергетик болуп кетишет. Бирок муну жаратылыш өзү чечет. Ал эми гидроэнергетиктер анын таасирин жок кылуу үчүн режим менен иштеши керек. Режим деген – суунун аз же көп сакталышын регулировка кылып турушу керек.

Марал: — Учурда суунун сарпталышы кандай болуп жатат?

Мырзатай Султаналиев: — Суунун колдонулушу орто деңгээлде. Биздин суу сыртка кетпейт, кошулса кошулат, бирок энергетиктердин каалоосу жок эч жакка чыкпайт. Мисалы, беш станция бир каскад болуп иштейт. Ошол каскаддын станцияларындагы режимди туура сактаса эле сууну сарп кылбайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM